1-апрель – Канаттуулардын эл аралык күнү

2024-ж., 1-April

Итчак үкү

Нуржан Алымканова

Качандыр бир кезде сизге канаттуулар жапайы жаратылыштын адамдарга эң жакын өкүлдөрү деген ой келди беле? Кыргызстандын аймагында канаттуулардын 400дөй түрү бар, ал эми эгер жакшылап карасак, шаар чөйрөсүндө канаттуулардын 20га жакын түрүн байкоого болот. Алар – бактектер, таранчылар, сары боор чымчыктар, үкүлөр, жаман сарылар жана ителгилер. Эгер колуңузга дүрбү алып, сабырдуулук менен күтсөңүз, Бишкек шаарынын короолорунан эле бейиш чымынчылдары (Terpsiphone paradisi (Linnaeus, 1758)) сыяктуу сейрек кездешүүчү канаттуулардын түрлөрүн кезиктире аласыз. А сиз мына ошентип кимдер канаттууларга байкоо жүргүзүп тураарын билесизби?

Байыртадан эле адамдар планетадагы канаттуу кошуналарына кылдаттык менен байкоо жүргүзүп, аларга ат коюп, суктанып, чогуу-чаран жашап келишкен. Канаттууларды изилдөөчү илим – орнитология, ал эми ышкыбоздук орнитология же хобби катары канаттууларды байкоо – бердвотчинг (англ. Birdwatching) деп аталат. Бертвотчингдер же куш кароочулар канаттууларга визуалдык түрдө байкоо жүргүзүшөт, сайрагандарын угушат, сүрөткө тартышат жана алар тууралуу маалымат журналдарын жүргүзүшөт. Куш кароочулардын чыныгы илимий ачылыштарды жасаган – биздин өлкөдө мурда байкалбаган канаттууларды каттаган учурлары да кездешет. Бул канаттуулардын кантип жер которуп тураарын, жашоо чөйрөсүн өзгөртүп жатканын түшүндүрөт. Канаттуулардын болбошу керек болгон сезондо пайда болгон учурлар да кездешет – бул климаттын өзгөрүп жатканынан кабар берет. Ошондой эле, канаттуулардын өздөрүнүн дайым жашап келген жерлерине кайтып келбеген учурлары да болот – демек, кандайдыр бир көйгөй жаралган, ага көбүнчө адамзатынынын тийгизген таасири себеп. 

Бердвотчинг туризмдин өзүнчө багыты катары да саналат. Биздин Кыргызстан да дүйнөнүн дээрлик бардык булуң-бурчунан келген куш кароочуларды кабыл алат, анткени ар бир өлкөнүн өзүнүн өзгөчө орнитофаунасы бар.

Канаттуулардын эл аралык күнүнүн жазында, тактап айтканда, 1-апрелде белгиленип жатканы бекеринен эмес, бул убакта келгин куштар кайтып келип, жаратылыш ойгонуп, гүлдөй баштаган учур болот. Беш жыл мурун БУУӨПтүн Кыргызстандагы өкүлчүлүгү куш кароочуларга колдоо көрсөтө баштаган, 2019-жылдын 1-апрелинде биринчи сүрөт көргөзмөсү өтүп, анда Ирина Романовская, Нурлан Калчинов, Эльвира Газиева жана мен өлкөбүздөгү канаттуулардын укмуштуудай дүйнөсүн көрсөтүп, алар тууралуу айтып бергенбиз. Канаттуулар адамдар үчүн эркиндикти билдирет. Куштарда адам көптөн бери кыялданган нерсе – асманда каалгып учууга мүмкүндүк берген канаттар бар. Учуу – адамзаттын өнүгүүсүнө түрткү болгон негизги идеялардын бири. Ошондой эле, канаттуулар сайраганы менен шыктандырат, ал эми куш жүнүнүн кереметтүүлүгүн чеберлер оймого түшүрүп келет. Кийинчерээк бул сүрөт көргөзмө Жалал-Абад облусундагы мектепке өткөрүлүп берилген. Birds.kg сайтынан канаттуулардын сүрөттөрүн жана алардын көп түрдүүлүгүн көрө аласыз.

Ошол эле жылы жайында биздин куш кароочулар тобубуз Токтогул жана Тогуз-Торо райондорунун аймагында жайгашкан «Алатай» жана «Кан-Ачуу» мамлекеттик жаратылыш парктарында болуп, куш кароону сүйүүчүлөр үчүн экотуризмди өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдегенбиз. Жыйынтыгында кийинки жылдары бул жаратылыш парктарынын куш кароочулар үчүн маршруттар картасы иштелип чыкты. 

Ошондой эле, куш кароочулардын сууда сүзүүчү канаттууларга байкоо жүргүзүүчү сүйүктүү жери – Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ак-Булуң жарым аралы жамааттыкка кичи корукка айландырылды. БУУӨПтүн колдоосу менен куш кароочулардын жергиликтүү тургундар менен биргелешкен аракеттери өз натыйжасын берди – азыр ал жерде браконьерлик жок, туристтердин саны бара-бара өсүүдө, ал эми жергиликтүү тургундарда экотуризм аркылуу иштеп каражат табуу мүмкүнчүлүктөрү пайда болду.

Бердвотчинг өзүнө билим берүү, тарбиялык компонентти да камтыйт, анткени жаратылышка байкоо жүргүзүү аркылуу адам менен жаратылыштын ортосундагы мамиле кандай экенин байкоого болот. Куш кароочу Ирина Романовская бул тууралуу балдарга арналган “Канаттуулардын добушу” аттуу китебин жазып, ал да БУУнун Кыргызстандагы өнүктүрүү программасынын колдоосу менен жарык көргөн. Ал китепти бул жерден көчүрүп алсаңыз болот. 

Мен да энтузиасттардын чакан тобу канаттуулардын жашоосундагы чоң өзгөрүүлөрдүн бир бөлүгү болуп, көйгөйлөргө коомчулуктун көңүлүн бурдуруп, канаттууларга болгон кызыгууну жана сүйүүнүн өнүгүшүнө салым кошуп жатканына аябай сыймыктанам.

Канаттууларга болгон кызыгуу кандайча пайда болот, эмне үчүн канаттууларды көрүү үчүн акча коротууга даяр адамдар көп? Балким, жооп абдан жөнөкөйдүр – биз баарыбыз табияттын бир бөлүгүбүз жана адамдарды жаратылышка тартып турганы табигый нерседир, ал эми канаттуулар бизге жапайы жаратылыштын эң жакын бөлүгү.

Канаттуулардын эл аралык күнү менен, достор!