Create 4 #жаратманКыргызстан фестивалы өлкөнүн креативдүү экономикасын өнүктүрүү үчүн инноваторлорду бириктирет

2024-ж., 21-April

 

Бишкек, 2024-жылдын 22-апрели – "Create4 #жаратманКыргызстан" фестивалы өлкө боюнча бир эле маалда 36 жерде өтүп, өзүнүн эки жылдыгын белгиледи. БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) жана Креативдүү индустриялар ассоциациясынын негизги демилгеси болуп саналат. #ЖаратманКыргызстан фестивалы Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын өсүп келе жаткан креативдүү экономикасын өнүктүрүү үчүн кайрадан платформа болуп калды.

БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева белгилегендей, Create4 фестивалы – бул жөн гана чыгармачылыктын майрамы эмес, бул ошондой эле жергиликтүү деңгээлде Кыргызстандын креативдүү экономикасынын өсүү чекиттерин аныктоонун маанилүү аспабы. Александра Соловьева төмөнкүлөрдү белгиледи: “Create4 – бул Кыргызстандын Креативдүү индустриясынын фестивалы гана эмес, анын вазыйпасы алда канча кеңири жана маанилүү. Бул Кыргызстандын жергиликтүү деңгээлдеги креативдүү жамааттарын аныктап, алардын өсүшүнө, аймактагы өнүгүүнү тездетүүгө, жергиликтүү жана улуттук өнөктөштөр менен тыгыз кызматташтыкта инновациялык программаларды киргизүүгө көмөктөшкөн ыкмаларды биргелешип иштеп чыгуу үчүн аспап”.

Креативдүү индустриялар ассоциациясынын төрайымы Назгүл Кубакаеванын айтымында, калктын ар түрдүү топторунан жана аймактардан 10 000ден ашык адамдын башын бириктирген фестиваль кызматташууга, билим алмашууга жана биргелешкен чечимдерди издөөгө өбөлгө түзгөн жандуу диалог аянтчасына айланды. Кубакаева төмөнкүлөрдү белгиледи: “Create4 – бул тажрыйба жана идея алмашуу, биргелешкен долбоорлорду түзүү жана чечимдерди чогуу издөө үчүн Кыргызстан менен Борбордук Азиянын жаратмандарын жана инноваторлорун бириктирүү үчүн платформа”.

Бул жылы фестивалда таасирдүү баяндамачылар болду, алардын арасында Asian World Film Festival фестивалынын директору,  кыргызстандык Асель Шерниязова; “Жолборс” фестивалынын кошо негиздөөчүсу, кыргызстандык Сабина Рейнгольд; Qara Music’тин башкы продюсери жана “Ою Фест” жаштар фестивалынын негиздөөчүсү, казакстандык  Еркебулан Куришбаев; Seed агенттигинин креативдүү директору, казакстандык Наиль Муратов; Lokals жарнама агенттигинин кошо негиздөөчүсү, өзбекстандык Фархат Норбаев өңдүү белгилүү инсандар бар.

Фестивалга келе албай калгандар үчүн #жарат4cast подкас-сессиялары аркылуу Create4 кесипкөй адамдардан жаңы билимдерди жана инсайттарды алууга мүмкүнчүлүк берди. Алардын баары Lights Creative’дин YouTube-каналына жайгаштырылды.

Маданий маанисинен тышкары, Create4 мамлекеттик жана жеке сектордун, билим берүү мекемелеринин жана жарандык коом уюмдарынын кызыкдар тараптарынын ортосунда креативдүү экономиканын күн тартибин талкуулоо жана илгерилетүү үчүн маанилүү платформа катары кызмат кылууда. Фестиваль Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө мыйзамды сүрөөдө жана көп тараптуу өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүдө чечүүчү ролду ойноп берди: иш-чараны уюштурууга Кыргызстандын 24 айыл-шаарларынан 50дөн ашык өнөктөш катышты.        .

Фестиваль ошондой эле өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына киргизилген #жаратманКыргызстан улуттук брендин илгерилетүүгө да көмөктөшүп жатат. Коңшу өлкөлөрдөн келген катышуучуларды кабыл алып, чөлкөмдөгү кызматташтыкка көмөк көрсөтүү менен, Create4 Кыргызстандын регионалдык инновация борбору катары позициясын бекемдөөдө.

Окуянын алды: 2022-жылы демилгеленген Create 4 Кыргызстандагы креативдүү индустриялардын ири фестивалына айланды, бул фестиваль тажрыйбалуу кесипкөйлөрдү да, бул багытта ишин жаңыдан гана баштап жаткан таланттарды да өзүнө тарта алды. Ал түзүлгөндөн бери креаторлор жана инноваторлор үчүн жагымдуу экосистеманы түзүү менен Кыргызстандын креативдүү экономикасын өнүктүрүүнүн катализатору катары кызмат кылып келүүдө.

Фестивалдын жолу Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө мыйзамды колдоодон башталган, бул мыйзамды 2022-жылы Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров жактырган. Андан кийинки иш-чаралар Борбордук Азиядагы Америка университети (AUCA) жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсеси өңдүү мекемелер менен өнөктөштүктүн жардамы аркылуу тез арада уланып кетти.

Create4 Кыргызстандын креативдүү экономикасын өнүктүрүүгө кызыкдар адамдарды шыктандырууну, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү жана бириктирүүнү уланта берүүдө. #ЖаратманКыргызстан кенири таанылган сайын фестиваль өлкөнүн чыгармачылык ландшафтын аныктаган инновациялардын жана кызматташтыктын далили болуп баратат.

ЖМК үчүн маалымат алуу максатында төмөнкү дарекке кайрылууңузду өтүнөбүз:

Айнагуль Абдрахманова, БУУӨПтүн коомчулук менен байланыш боюнча адиси, Ainagul.abdrakhmanova@undp.org же 0770755776.